• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Кыргызстанда өпкө оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 20.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Кыргызстанда өпкө оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Улуттук госпиталдын өпкө оорулар бөлүмүнүн башчысы Акылай Масаидова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда өпкө ооруларына чалдыккандардын саны жүрөк-кан тамыр ооруларынан кийин экинчи орунда турат. Улуттук госпиталда бир жылда 1 миңден ашуун өпкө оорусуна чалдыккан бейтап дарыланат.

“Улуттук госпиталга өлкөнүн бардык облустарынан жериндеги аймактык ооруканаларда дарыланып, бирок абалы жакшы болбогон, ооруну өөрчүтүп жиберген бейтаптар кайрылышат. Мындай учурда биз өпкөнү толугу менен текшерип, диагноз коюп, ошого карата дарылоо жүргүзөбүз. Кайрылган жарандардын 60-70 пайызы өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусуна чалдыккандар. Бардык эле оорулууларды стационардык дарылоодон өткөрө албайбыз. Алгач үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан текшерилип, жеңил түрү менен кайрылгандарга дарыгер кеңеш берип, аймактык ооруканага жөнөтүлөт”, - деди Акылай Масаидова.

Дарыгер белгилегендей, бөлүмгө бир жылда өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусунун оор түрүнө чалдыккан 600-700дөй бейтап ооруканага жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланат.

Эскерте кетсек, 20-ноябрь өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусуна каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун демилгеси менен 2002-жылдан бери белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий