• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда президенттин саясатын колдоо деңгээли 82%ды түздү — Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Эл аралык республикалык инститтуттун (IRI) изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда президенттин саясатын колдоо деңгээли 82%ды түздү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын коллегиялык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал белгилегендей, бул чындап эле бийликтин мындан аркы тайманбас реформаларды жүргүзүүгө берген күчтүү мандаты.

"Менин түшүнүгүм боюнча, бул бүгүнкү күндө бир гана биздин өлкөнүн тарыхында эле эмес, дүйнө жүзүндө да реалдуу рекорддук деңгээл. Биз президенттин командасы, социалдык-экономикалык чөйрөдөгү жетишилген прогрессивдүү өнүгүүлөр менен сыймыктанабыз. Биз ички дүң продукцияны (ИДП) эки эсеге көбөйттүк. Экономикалык өсүштүн темпи акыркы үч жылда орточо эсеп менен 7%дан ашты (2021 – 5,5%; 2022 – 9%; 2023 – 6,2%), бул экономиканын акырындык менен постковиддик мезгилден жана геосаясий кырдаалдардан кийин адаптация болуп жатканын, туруктуу өнүгүүгө карай баратканын көрсөтүп турат. 2023-жылы экономиканын бардык секторунда өсүш байкалды: курулуш тармагындагы өндүрүш 10,3%, кызмат көрсөтүү чөйрөсү 6,2%, өнөр жай 2,7%, айыл чарбадагы өсүш 0,6%ды түздү.

ИДП киши башына дээрлик 2 миң долларды түздү", — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, коллегиянын күн тартибинде жети маселе каралат.

Пикир

Оставить комментарий