• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы жумушчу сапары менен Москвага келди

Өкмөт 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жумуш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагындагы иш-чараларга катышат.

Өкмөт башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын алкагында Кыргызстандын быйылкы КМШ органдарындагы төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Россия Федерациясы 2024-жылы Россиянын КМШга төрагалык кылуу Концепциясынын негизги жоболорун сунуштайт.

КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында окмөт башчыларынын билдирүүсүнө кол коюлуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2023-жылы КМШнын органдарына Кыргыз Республикасы төрагалык кылууда.

Пикир

Оставить комментарий