• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда радиожыштык боюнча жаңы система ишке киргизилди

Коом 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда радиожыштык боюнча жаңы система ишке киргизилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан азырынча жаңы автоматташтырылган маалыматтык система тесттик режимде иштеп баштады. “Лицензиялык-уруксат берүүчү реестр” маалыматтык системасынын долбоору радиожыштык спектри жаатындагы көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын сапатын жакшыртууга багытталган. Санариптештирүү иштери жарандар үчүн да жана бизнес үчүн да натыйжалуулукту да, ыңгайлуулукту да камсыздайт.

Ведомствонун маалыматына ылайык, “Лицензияга-уруксат берүүчү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасы жыштык жана лицензия берүүдөгү процедураларынын ачык айкындуулугун камсыздап, мамлекеттик кызмат алууну кыйла жеңилдетет.

Ошондой эле системаны киргизүү арыздарды иштеп чыгууну, радиожыштык спектрин колдонгондугу үчүн жыл сайын төлөнүүчү эсеп-кысапты, ар кварталдык отчетторду кабыл алууну жана бирдиктүү маалыматтык базаны түзүүнү тездетет.

Система электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы менен туташып, санариптик трансформациясынын негизги талаптарына жооп берет.

"Тестирлөөнүн алкагында, 1-августтан баштап арыз берүүчүлөр llr.srs.kg/login шилтемеси менен онлайн-платформа аркылуу каттала алышат. Каттоо маалында уюмдун ОКПОсун, жеке идентификациялык номурун, уюмдун аталышын, байланыш номерлерин жана жетекчи тууралуу маалыматты көрсөтүшү зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий