Кыргызстанда райондук маданият үйлөрүнө заманбап музыкалык жабдуулар сатып алынат

Маданият 0

Бишкек, 26.08.23. /Кабар/​​​​​​. КР резидентинин тапшырмасына ылайык бюджеттен бөлүнгөн каражатка 40 райондук маданият үйлөрүнө заман талабына ылайык музыкалык жабдуулар алынат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маданият министрлиги тарабынан мекемелердин жетекчилерине бөлүнгөн каражаттардын максаттуу, натыйжалуу, өз убагында колдонуу жана аларды колдонууда мыйзам талаптарын сактоону камсыз кылуу тапшырмасы коюлууда.

"Мындай кадам аймактагы маданият үйлөрүнүн ишин жакшыртууга, жандуу үн менен ырдоого жана жогорку деңгээлдеги сапаттуу иш- чараларды өткөрүүгө өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, буга чейин мамлекеттин эсебинен бардык райондук маданият үйлөрүнө бирдей, сапаттуу музыкалык жабдууларды алууга акча каражаты бөлүнгөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий