• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Азербайжандагы фестивалга катышат

Маданият 0

Бишкек, 29.10.23./Кабар/. Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өтө турган театр фестивалына катышат.

Иш-чара ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштурулган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, бүгүн театрдын артисттери Бакуга сапар алышты.

Чыгармачылык топ Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин "Күн кармаган бала " спектакли менен катышат.

Эскерте кетсек, аталган спектакль IX эл аралык "Арт-Ордо" театр фестивалында баш байгени багындырган.

Пикир

Оставить комментарий