• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстанда рейддин жүрүшүндө 272 мотоцикл айып короого токтотулду

Коом 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. 11-22-сентябрь аралыгында өлкө аймагында рейд өткөрүлүп, 272 мотоцикл айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Рейддик иш-чара мототранспорт каражаттарынын айдоочуларынын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Анын натыйжасында жол эрежесин бузган жалпы 2690 мопед жана мотоцикл аныкталган. Алардын ичинен:

  • 243 мото айдоочу тийиштүү докумменттери жок болгон;
  • 521 мото айдоочу мотошлемдерди пайдалануу эрежелерин бузушкан;
  • 2 мото айдоочу мас абалында айдап жүргөндүгү аныкталган;
  • 985 мото айдоочу жолдун туура эмес жерлеринен айдашкан;
  • 166 мото айдоочу жана башка жол эрежелерин бузушкан.

Ошондой эле тийиштүү докумменттери жок 272 мототранспорт каражаты убактылуу токтоуучу айып короо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий