• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кыргызстанда сөөк чучугун алмаштыруу боюнча алгачкы операция ийгиликтүү өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 18.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу сөөк чучугун алмаштыруу боюнча операция ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун онкология бөлүмүнүн жетекчиси Султан Стамбеков “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, сөөк чучугун алмаштыруу боюнча 5 этаптан турган дарылоо процессин камтыган операция ийгиликтүү аяктап, учурда бейтаптын абалы жакшы.

"Сөөк чучугун алмаштырууну 5 этапка бөлсөк болот. Биринчи этапта бейтапты даярдоо, анда 3, 4 курс химия жасоо керек болот. Кийинки этапта бейтапты толугу менен текшерип, анализдери каралат. Андан кийин трансплантациянын бул түрүндө бейтаптын өзүнүн жилик чучугу же өзөк клеткалары жогорку дозада химиотерапия же нур терапиясы алдында чогултулуп, сакталат. Дарылоодон кийин сакталган клеткалар бейтапка кайра куюлат. Бул сөөк чучугун калыбына келтирүүгө жана кан клеткаларынын нормалдуу өндүрүшүн калыбына келтирүүгө жардам берет",- деди дарыгер.

Ошондой эле сөөк чучугун алмаштыруу боюнча алгачкы операция 14 жаштагы бейтапка жасалганын белгиледи.

“Биринчи бейтап 14 жаштагы Марьям Ходжкин лимфомасы же лимфа системасынын шишик оорусу менен жабыркап келген. Кыз буга чейин 5 жолу химиотерапия алган. Дарылоодон кийин сакталган клеткалар 13-ноябрда бейтапка куюлуп, 30 күндүн ичинде канга тарап, учурда абалы жакшы”,- деди Стамбеков.

Белгилей кетсек, сөөк чучугун алмаштыруу боюнча операция толугу менен бекер жасалып, дарыгерлер бул операцияга алдын ала чоң даярдык көрүшкөн. Кыргызстандык дарыгерлер орган алмаштыруу боюнча Түркиядан окуп келишкен.

Маалымат үчүн: Сөөк чучугун алмаштыруу – бул медициналык процедура. Бул жол-жобосу кан клеткаларынын өндүрүшүн калыбына келтирүү үчүн бузулган же оорулуу жилик чучугун дени сак сөңгөк клеткалары менен алмаштырат.

Пикир

Оставить комментарий