• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстанда сөөк чучугун аутологиялык трансплантациялоо операциясы башталды

Ден соолук 0

Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда сөөк чучугун аутологиялык трансплантациялоо операциясы башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-августта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусунан келген Ходжкин лимфомасы менен ооруган 14 жаштагы Б.М.Ж. аттуу бейтапка сөөк чучугунун аутологиялык трансплантациясы башталып жаткан Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды.

Дагы эки бейтап химиотерапия курстарын аяктагандан кийин сөөк чучугун алмаштырууга даярдалат.

Сөөк чучугунун аутологиялык трансплантациясы – бейтаптын өзүнүн өзөктүү клеткаларын колдонгон заманбап жана эффективдүү дарылоо ыкмасы. Бул ыкма иммунологиялык кагылышуулардын коркунучун азайтат жана дарылоо натыйжаларын жакшыртат. Беш курс химиотерапиядан өткөн бейтапка жасалуучу бул маанилүү операция ага толук сакайып кетүүгө үмүт берет.

Пикир

Оставить комментарий