• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Кыргызстанда саламаттык сактоону жакшыртууга багытталган программа ишке кирди

Ден соолук 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда санариптик саламаттыкты сактоо программасы ишке кирди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, программа саламаттыкты сактоонун санариптик маалымат тутумдарын интеграциялоо аркылуу Кыргызстанда саламаттыкты сактоону жакшыртууга жана макулдашылган санариптик саламаттык сактоо экосистемасын түзүүгө багытталган бул программа өлкөнүн жашоочулары үчүн маанилүү медициналык маалыматка жана кызматтарга жетүүнү жеңилдетет.

Программа БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) Фонду аркылуу Европа биримдиги, Испания жана Швециянын катышуусу менен каржыланып, Туруктуу координатордун жетекчилиги астында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ), БУУнун өнүктүрүү программасы (БУУӨП), ЮНФПА жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке ашырылат. Ал Кыргызстандын санариптик саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө, өзгөчө аялдар, балдар жана айылдык жана алыскы райондордогу калктын аялуу топтору үчүн ар бир адамга сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүүнү камсыз кылууга багытталган.

Жалпы бюджети 4,03 млн долларды түзгөн биргелешкен программа 2024-жылдан 2027-жылга чейин ишке ашырылып, саламаттыкты сактоонун санариптик системаларын модернизациялоого, мамлекеттик электрондук кызматтарды жакшыртууга жана аз камсыз болгон жамааттарга жетүү үчүн телемедицинаны кеңейтүүгө кеңейтүүгө багытталган.

Программанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – жарандардын ден соолугу тууралуу маалыматка жетүүсүн камсыз кылган ден соолуктун санариптик профилин жакшыртуу. Бул үч миллион эмдөө жазууларын Улуттук электрондук ден соолук карталарынын платформасына кошууну камтып, бир жашка чейинки 225 000ге жакын балага керектүү эмдөөлөрдү алууга жардам берет. Мындан тышкары, кеминде 200 000 адам лабораториялык анализдердин жыйынтыктарын онлайн режиминде көрө алышып, бул убакытты үнөмдөп, медициналык жардамдын сапатын жакшыртат.

Программа ошондой эле аялуу топторду колдоого багытталган. 120 миңге жакын майыптыгы бар адамдар санариптик майыптык күбөлүктөрүн алышат, ал эми 280 миң адам санариптик оору баракчаларына ээ болуп, керектүү кызматтарды ала алышат.

Телемедицина кеңейтилип, 0-14 жашка чейинки 700 миң балага санарип платформасы аркылуу медициналык консультацияларга мүмкүнчүлүк берилет. Мындан тышкары, 60 медициналык мекемеде болжол менен 140 миң энеге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга атайын жардам көрсөтүлүп, алардын бардыгы EHR платформасына туташтырылат.

Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Жангазиев бул демилге Кыргызстан үчүн маанилүү кадам болуп саналарын белгиледи. "Маанилүү медициналык маалыматка жетүүнү жакшыртуу менен биз саламаттыкты сактоону натыйжалуурак кылып, ар бир адам үчүн жыйынтыктарды жакшыртабыз", - деди ал.

Ал эми БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве санариптик технологиялар биздин дүйнөнү өзгөртүп, коом жана планета үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи.

"Өткөн аптада дүйнөлүк лидерлер тарабынан Келечектин саммиттинде кабыл алынган Глобалдык санариптик келишим санариптик ажырымды жоюу, туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдыруу жана эч кимдин артта калбашын камсыздоо боюнча милдеттенме болуп саналат. Бул глобалдык көз карашты колдоо үчүн Кыргызстандагы БУУ Кыргызстандын бүткүл аймагында аялуу топторго, балдарга жана айыл жерлерине санариптик инструменттер аркылуу саламаттыкты сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча биргелешкен программаны ишке киргизип жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий