Кыргызстанда салык кызматтарын 1,1 млн салык төлөөчү онлайн пайдаланууда

Коом 0

Бишкек, 15.05.24./Кабар/. Кыргызстанда салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн салык кызматтарын пайдалануучулардын саны 1 млн 104 миңге жетти.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, анын ичинде жеке жактар 1 млн 64 миң, юридикалык жактар 39 миң 671ди түзөт.

Өткөн жылга салыштырмалуу колдонуучулар 304 миң адамга көбөйгөн.

Салык төлөөчүнүн кабинетин колдонуучулардын санынын динамикалык өсүшү анын ыңгайлуулугун, натыйжалуулугун жана жарандардын салык системасын санариптештирүү процессине болгон оң мамилесин көрсөтөт.

Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу жеке жана юридикалык жактар кеңседен, үйдөн чыкпастан же чет өлкөдө жүрүп акысыз кызматтарды кеңири колдоно алышат.

Бул кызмат жарандардын салык милдеттенмелерин аткаруудагы убактысын кыйла үнөмдөйт.

Салык төлөөчүнүн кабинети отчетторду, салык декларацияларын тапшыруу, маалымкаттарды, кабарларды, көчүрмөлөрдү, чечимдерди, мүлк боюнча маалыматтарды алуу, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн, анын ичинде электрондук патент жана камсыздандыруу полисин төлөө, арыздарды жөнөтүү, салыктык каттоодон өтүү, ЭТТК менен иштөө жана башка маанилүү сервистерди сунуштайт.

Онлайн сервисти колдонууну баштоо үчүн салык органы тарабынан берилген логин жана пароль аркылуу же "Түндүк" бирдиктүү идентификациялоо системасы, электрондук цифралык кол тамга, eID жана Smart-iD KG аркылуу кирүү зарыл.

Белгилей кетсек, буга чейин салык кызматы Cabinet.salyk.kg. салык төлөөчүнүн жакшыртылган кабинетин киргизген. Жаңыланган тейлөө порталы заманбап интерфейсти, оптималдаштырылган жана өркүндөтүлгөн функцияларды, ошондой эле колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт.

Ошондой эле өткөн жылы Салык кызматы салык төлөөчүнүн Cabinet.salyk.kg кабинетинин мобилдик версиясы "Salyk.kg" тиркемесин ишке киргизди. Тиркемени Google Play жана App Storeдон жүктөп алууга болот.

Салык кызматы өлкөдөгү салыктык башкарууну жакшыртуу жана бакубат экономикалык климатты түзүү үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү жана толуктоо боюнча ишти улантат.

Пикир

Оставить комментарий