• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда санариптик билим берүүгө арналган эл аралык форум өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде күн мурун “Билим берүүнү санариптик трансформациялоо шартында педагогдун заманбап компетенциялары” аттуу эл аралык форуму өттү.

Иш-чараны расмий түрдө ректор Айгүл Абдраева ачып берип, анда форумдун негизги максатына токтолду.

"Аянтчада эл аралык мамилелерди өнүктүрүү жана билим берүүнүн санариптик чөйрөсүн түзүүдөгү актуалдуу маселелер талкууланат. Эл аралык кызматташтык биз үчүн абдан маанилүү, анткени анын арты менен биз чет өлкөлүк окуу жайлардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрө алабыз”, - деде ал.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек Расул уулу аталган форум билим берүү тармагында өтө актуалдуу экенин баса белгиледи.

Форумдун алкагында катышуучуларга Искусство жана дизайн факультетинин сүрɵт кɵргɵзмɵсү болду жана Искусство жана дизайн бɵлүмүнүн “Чыгыш сырлары”, “Кыргыз каганаты” аталышындагы этно-коллекциялары тартууланды.

Ишеналы Арабаев атындагы окуу жай тарабынан уюштурулган эл аралык форум бүгүн, 15-июнда Чолпон-Ата шаарында уланууда.

Анда окуу жайдын Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору Айсулуу Бейшенова модератордук кызматты аткарууда.

Форумда темага байланыштуу кызыктуу баяндамалар жасалып, "Мугалимдин санариптик окутуу технологияларын ишке ашырууга даярдыгын калыптандыруунун педагогикалык шарттары", "Илим жана билим берүүнүн заманбап проблемалары" дисциплинасынын алкагында деген темаларда презентациялар болду.

Эл аралык форумга Кореядагы Кёнгвун университетинин эл аралык мамилелер жана билим берүү институтунун директору Жу Янг Чун, Индиядагы Шарда университетинин ректору, профессор Прамод Кумар, Россия президентине караштуу Россия эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясынын өкүлү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Светлана Сучкова, И. Кант атындагы Балтика федералдык университетинин өкүлү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Анна Бударина, Москва мамлекеттик лингвистика университетинин өкүлү Жеңишкүл Хулхачиева, Япониядагы Next Seed компаниясынын президенти Такахара Дайсуке жана Кыргызстандагы окумуштуулар катышууда.

Пикир

Оставить комментарий