• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстанда сел жана таш кулоо коркунучу бар унаа жолдордун картасы жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-27-сентябрь күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба-ырайына жана жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдарына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Түп райондорунда, Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва жана Панфилов райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Нарын жана Жумгал райондорунда, Талас облусунун Ч.Айтматов жана Талас райондорунда, Жалал-Абад облусунун Аксы, Базар-Коргон, Токтогул, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунда, Ош облусунун Чоң-Алай, Алай, Кара-Суу, Араван, Ноокат, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунда, Баткен облосунун Лейлек, Кадамжай жана Баткен райондорунда жана Бишкек, Ош шаарларынын аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Республиканын унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо участкаларында, айрыкча:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 90-115, 116-124, 132-133, 184, 285, 342-348, 355-362, 370, 400-427 чакырымдарында;
  • Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 111-138 чакырымдарында;
  • Балыкчы – Ананьево – Каракол 101-220 чакырымдарында;
  • Балыкчы-Боконбаево-Каракол 64, 98-120 чакырымдарында;
  • Ош – Сары-Таш – Иркештам унаа жолунун 23-28, 39, 43-45, 64-74, 78-83, 95-96, 100-133, 163-167, 251-258 чакырымдарында;
  • Ош – Баткен-Раззаков унаа жолунун 28-64; 78, 125-190 чакырымдарында;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Көк-Арт 41-55, 63-75, 81-125 чакырымдарында;
  • Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-13, 22-24, 38-65, 66-75 чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

Республика жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздукту сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Пикир

Оставить комментарий