Кыргызстанда спортчуларга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырууда

Ден соолук 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Калыбына келтирүү жана спорттук медицина борборуна барып, жаңы санарип рентген-флюорографиялык аппаратты тапшыруу аземине катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага катышкан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жана Азиянын үч жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков спортчулардын, дарыгерлердин жана машыктыруучулардын биргелешкен эмгеги мыкты жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

"Жабдуулар үчүн ыраазычылыгын билдирем. Бул кадам кыргыз өкмөтүнүн спортчуларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу, алардын ден соолугуна кам көрүп, кесиптик жетишкендиктерин колдоого умтулуусун чагылдырат", - деди спортчу.

Министр спортчуларга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу багыты болуп саналарын белгиледи.

"Спорттук-реабилитациялык борбордун материалдык-техникалык базасы кыйла начар, бирок абалды жакшыртуу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө. Бүгүн рентген кабинетинин жабдылышына күбө болдук. Эми аталган борбордо спортчуларга флюорографиялык текшерүүдөн өтүү үчүн шарттар түзүлдү", - деди Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий