• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Өлкөдөгү 100 мамлекеттик лаборатория iLab маалымат системасын колдонот

Ден соолук 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Өлкөдөгү 100 мамлекеттик лабораторияда iLab лабораториялык маалымат системасы колдонулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, маалыматтык система лабораториялар үчүн жолдомолорду иштетүү, анализдөө, эсепке алуу жана изилдөө натыйжаларын жеткирүү процесстерин автоматташтырууга мүмкүндүк берди. Система ошондой эле бейтаптарга жана дарыгерлерге диагностикалоо жана изилдөө тарыхын тез көрүүнү камсыз кылды.

Учурда системада 1 миллиондон ашык изилдөө натыйжалары сакталат. Бейтаптар өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын жана жашы жете элек балдарынын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы жана анын мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болгон Санарип ден соолук профили аркылуу көрө алышат.

Пикир

Оставить комментарий