• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

БУУнун Калк фонду Бишкектеги райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна жеке коргонуучу каражаттарын берди

Ден соолук 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. БУУнун Калк фонду Бишкектеги райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна жеке коргонуучу каражаттарын берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеке коргонуучу каражаттар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна да берилген.

Жардам катары берилген жеке коргонуучу каражаттардын ичинде коргоочу костюм, медициналык беткап, колкап, халат, хирургиялык респиратор, коргоочу көз айнектер бар.

Пикир

Оставить комментарий