• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте социалдык маанидеги жана өзгөчө коркунучтуу оорулар боюнча кеңеш өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Бишкекте социалдык маанидеги жана өзгөчө коркунучтуу оорулар боюнча координациялык кеңеш өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кеңешмеге Биринчи май районунун башчысы Улан Сарылбек уулу, саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү, жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору катышты.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер көтөрүлдү:
- курч респиратордук вирустук инфекциялар, сасык тумоо жана COVID-19 оорусу боюнча эпидемиологиялык абал;
- 2020-2024-жылдарга «Иммунопрофилактика» программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын алкагында иммунопрофилактика. Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына ылайык эмдөө (кызылча, кызамык, менингит);
- АВС вирустук гепатиттери.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча райондун билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүнө окуучулардын арасында ооруга мониторинг жүргүзүү жана санитардык агартуу иштерин күчөтүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий