• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте 3 жашар бала ооруканада каза болгон. Милиция анын себебин иликтөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Бишкекте милиция ооруканада каза болгон 3 жашар баланын өлүмүнүн себебин иликтөөдө. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, 13-январда М.А. аттуу жаран ооруканада кесиптик милдетин туура эмес аткаруудан улам 2021-жылы туулган К.А.нын өлүмүнө алып келген медицина кызматкерлерине чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факты Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан каттоого алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда тергөөгө чейинки териштирүү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий