Кыргызстанда сутка ичинде 148 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 12.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 148 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 77, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 7, Нарын облусунда - 2 , Талас облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда - 18 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 40 миң 779га жетти.

Пикир

Оставить комментарий