• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту дагы 7 медкызматкер жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту дагы 7 медкызматкер жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы санитардык дарыгер Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, илдетти жуктурган медкызматкерлердин жалпы саны 147ге жетти. "Коронавирусту жаңы жуктурган 7 кызматкердин ичинен Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 2, Бишкек шаарында – 3 учур", - дейт ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, 147 учурдун ичинен 42си - дарыгерлер, ортомедперсоналдар - 61, кенже тейлөөчү персоналдар - 24 , ошондой эле медициналык мекемелерде иштеген башка адистер арасынан 20 учур катталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 590го жетти. Алардын ичинен 147си медицина кызматкерлери. Коронавирустан 216 жаран айыкса, каза болгондордун саны 7 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий