Бишкек, 11.04.23./Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 4 өрт кырсыгы катталды.
ӨКМден билдиришкендей, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Чүй облусунун Токмок шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган убактылуу жашоочу жайдын 40 чарчы метр чатыры күйгөн.
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында турак үйдүн болжол менен 10 чарчы метр мору күйгөн.
Өрттүн себептери такталууда.
Пикир
Оставить комментарий