• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

"Бишкекасфальтсервис" ишканасы кызматкерлерди издейт

Коом 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы кызматкерлерди издейт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишканага төмөнкү адистер талап кылынат:

1 сметаны түзүү инженери:

- 18 жашка толгон КР жараны;
- соттолгон эмес;
- кесиптик билими;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иш тажрыйбасы же административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен адистиги боюнча иш тажрыйбасы;
- КР жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- компьютер ж.б. техникаларды колдонуу, керектүү программарды билүү;
- тиешелүү чөйрө боюнча билимдүү жана көндүмдөр;
- кесиптик билими бар экендиги белгиленген формадагы документ.

1 КамАЗ айдоочусу:

- 18 жашка толгон КР жараны;
- В-С категориясындагы айдоочулук күбөлүк, тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес;
- так жана жоопкерчиликтүү.

10 жол жумушчусу:

- 18 жашка толгон КР жараны;
- тажрыйбасы бар кесипкөй жумушчулар;
- жаман адаттары жок;
- ишке так жана жоопкерчиликүү;
- нормаларга жана талаптарга ылайык иштерди аткаруу.

"Иш издеген жарандын жанында резюмеси болушу шарт. Маектешүү иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Хвойная көчөсү, 10 дарегинде өтөт. Кенериээк маалымат үчүн төмөнкү телефонго кайрылыңыз: 0312377717", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий