• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек мэриясынын колл-борборуна бир жумада 520 арыз жана кайрылуу келип түштү

Коом 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. 19нан 25-ноябрга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна шаар тургундары тарабынан 520 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын катталганы – 1178 кайрылуу.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, катталган кайрылуулардын жана арыздардын көпчүлүгү сурап-билүү мүнөзүндө болгон.

"Чалуулар 185 жана 1840 телефондору боюнча күнү-түнү кабыл алынууда, ошондой эле көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 182-185 номерине жөнөтүүгө болот. 1-ноябрдан баштап ыкчам жооп кайтаруу кызматы даттанууларды жана билдирүүлөрдү 1850 номери боюнча кабыл алууда", - деп билдиришти мэриядан.

Андан сырткары мэрия шаар тургундарынан төмөндө көрсөтүлгөн номерлерге өздөрүнүн кайрылууларын жана даттанууларын жөнөтүүсүн суранат:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;
- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;
- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи Май району) — 0555 66-60-96;
- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Пикир

Оставить комментарий