• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызстанда сутка ичинде 9 медик коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 9 медик коронавируска кабылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Бишкекте 2, Чүй облусунда 3, Баткен облусунда 4 медкызматкер аталган илдетке кабылды.

"Ал эми бир суткада үй карантининен 4 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3336 учур катталды, алардын ичинен 3063 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 6-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 164 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 47 миң 799 түзөт. Алардын ичинен 43 миң 644 киши айыгып чыкты, 1 миң 66 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий