• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 60 адамдан COVID-19 табылып, үч бейтап каза болду — статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 19-ноябрга карата коронавирус дагы 60 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 31, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 8, Ош облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 89 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 538 бейтап, амбулатордук түрдө 650 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 727 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 289 киши айыгып чыкса, 2 миң 718 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий