• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Чүй облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектин 8-кичирайонунда батирдин 20 чарчы метр ашкана бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры жана 1 терезеси күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 120-чакырымында Hyundai Avante үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий