• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда сутка ичинде пневмониядан 29, коронавирустан 15 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде пневмониядан 29, коронавирустан 15 адам каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – 4 (эркектер - 56, 56, 46 жашта, аял, 60 жашта), Республикалык жагаштуу оорулар клиникалык ооруканасынан – 2 (аялдар – 70, 71 жашта), Ак-Талаа аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 61 жашта), Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 55 жашта), Жайыл аймактык ооруканасынан – 5 (эркектер - 69, 67 жашта. Аялдар – 83, 50, 61 жашта), Кадамжай аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 77 жашта), Лейлек аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 75 жашта) бейтап коронавирустан каза болду.

“Бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду. Алардын ичинен 13 адам республика боюнча жана Бишкекте 16 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 452 адам”, - дейт Акматова.

Белгилей кетсек, 13-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 11 миң 117ге жетти. Алардын ичинен 1781и медицина кызматкери. Илдеттен 3460 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 147 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий