• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда өтүп жаткан ЖККУнун аскердик машыгуулары сүрөттөрдө

Коом 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунда "Өз ара аракеттенүү – 2024" командалык-штабдык машыгуусу жүрүп жатат.

Ведомстводон маалымдашкандай, аны менен бирге чалгындоо күчтөрү жана каражаттары менен “Издөө – 2024” машыгуусу да өткөрүлүүдө. Ушул окуу-машыгуунун алкагында чалгындоочу топтор тапшырмаларды аткаруу аймактарына жөнөп кетишти.

Алардын негизги максаты куралдуу чыр-чатакты жок кылууда ЖККУнун ыкчам жооп кылуучу жамааттык күчтөрүн (ЫЖКЖК) колдонуу менен чалгындоонун ар кандай түрлөрүн жүргүзүү болуп саналат.

Аба ырайынын татаалдыгына карабастан чалгынчылар машыгуунун жүрүшүндө издөөнү улантып, каршылаш тараптын түрдүү объектилерин жана мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрүн табуу, өз учурунда ЖККУнун ЫЖКЖКсына чалгындоодо алынган маалыматтарды баяндоо, ошондой эле жок кылуучу атууларды корректирлөөнү жана башка атайын иш чараларды жүргүзүү тапшырмасын аткарышы милдеттендирилген.

Чалгындоочу топтор машыгуунун жүрүшүндө ар кандай типтеги учкучсуз учуучу аппараттар, тепловизорлорду, байланыш каражаттарынын жаңы үлгүлөрүн активдүү колдонуп жатышат.

"Издөө – 2024" атайын машыгуусунун темасы - ЖККУ ыкчам жооп кылуучу жамааттык күчтөрү куралдуу жаңжалды жок кылуу боюнча биргелешкен операциясынын жүрүшүндө чалгындоо органдарынын күчтөрү жана каражаттары менен чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү.

"Издөө-2024" атайын машыгуусунун жүрүшүндө чалгындоону башкаруунун биргелешкен пункту түзүлүп, төмөнкү максаттар алдына коюлган:

  • комплекстүү чалгындоону жүргүзүүнү уюштуруу;
  • чалгындоо органдарынын башка чалгындоо объектилерине багытталышы;
  • байкоо, тыңшоо, издөө жана буктурма жүргүзүү жолу менен чалгындоо тапшырмаларын аткаруу;
  • чалгындоо органдарынын согуштук жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүчү аймакка алардын кайтып келиши жана башка.

Пикир

Оставить комментарий