• 86.99
  • 93.47
  • 0.98

Бир күн ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсүндө кафенин 30 чарчы метр чатыры жана 2 кап көмүр күйгөн.

Пушкин көчөсүндө турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры, жыгач эшик-терезеси күйгөн.

5 кичи районунда "Мазда Демио" үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Орто-Сай айылынын Рысмендиев көчөсүдө аянты 180 чарчы метр турак үйдүн чатыры, жыгач шыбы күйгөн.

Ош шаарынын Монуев көчөсүндө жолдун жээгинде турган "BMW" үлгүсүндөгү унаа күйгөн.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Большевик айылында "КИА" үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий