• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Кыргызстанда Түркиянын Зираат Банкынын филиалын ачуу сунушталды

Экономика 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Түрк банктар ассоциациясынын төрагасы, Зираат Банкынын башкы директору Алпаслан Чакардын жолугушту

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун маанилүү жыйынтыктарынын бири болуп, кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо жана чечүү үчүн Түрк банктар ассоциациясынын платформасында эки өлкөнүн банк мекемелеринин өкүлдөрүнүн адистештирилген жолугушуусун уюштуруу боюнча макулдашууга жетишүү болду.

Тараптар ошондой эле Кыргызстандын аймагында Түрк мамлекеттеринин банктар ассоциацияларынын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн келечегин талкуулашты.

Мындан тышкары, Зираат Банкынын Кыргызстанда филиалын ачуу маселеси көтөрүлдү. Элчи Руслан Казакбаев бул кадамдын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Зираат Банкынын филиалдары буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Россия сыяктуу 20 өлкөдө иштеп жатканын белгилеп, кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири изилдөө үчүн Алпаслан Чакарды Кыргызстанга иш сапары менен чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы банктык-финансылык байланыштарды чыңдоого байланышкан бардык маселелер боюнча туруктуу диалогду жана тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий