• 88.68
  • 95
  • 0.95

Январда салык органдарында 8 миңден ашык жаңы салык төлөөчү катталган

Экономика 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын январында салык органдарында 8 миң 139 жаңы салык төлөөчү катталган, алардын ичинен 1464 юридикалык жак, 6 миң 675 жеке ишкер. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-февралына карата 710 миң 412 салык төлөөчү салыктык эсепке алынган. Алардын ичинен 133 миң 544 юридикалык жак, 334 миң 914 жеке ишкер, 241 миң 954 дыйкан жана фермердик чарба.

Пикир

Оставить комментарий