• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда тамчылатып сугаруу системасын пайдаланган чарбалардын саны өстү

Коом 0

Бишкек, 24.08.17. /Кабар/. Кыргызстанда 671 чарбалык субъектте тамчылатып сугаруу ыкмасы киргизилген. 2015-жылга салыштырмалуу чарбалык субъекттердин саны 3 эсеге өстү. Мындай маалыматтар өкмөттүн 2017-жылдын биринчи жарымындагы отчетунда келтирилген.

Ушул аралыкта 706 күнөскана ишке киргизилген. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 2 эсе көп.

Азыркы учурда жалпы республика боюнча 163,1 гектарды аянтты ээлеген 1541 күнөскана ишөөдө.

Андан сырткары, 2020-жылга чейин машина-трактордук станцияларды жасоо программасы ишке ашты. Андан сырткары 2016-жылы 32 МТС ачылган.

Пикир

Оставить комментарий