• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстанда тамчылатып жана жамгырлатып суугарууга өтүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Күн мурун суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары - Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев жергиликтүү өндүрүүчүлөр, ассоциациянын жетечилери, "Айыл Банк" жана "Элдик Банктын" өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда Алмазбек Сокеев катышуучуларга азыркы учурда министрлик тарабынан айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдү жана дыйкан-фермерлерди колдоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кеңири маалымат берди.

Мындан сырткары, министрлик тарабынан сууну үнөмдөөчү ыкмаларды, тамчылатып жана жамгырлатып суугаруу технологияларын ишке киргизүү, сууну жеткирүүнүн тарифтери, гидротехникалык курулмалардын, күндүк жана он күндүк жөнгө салынуучу бассейндердин, насостук станциялардын, каналдардын абалы, сугат сууларын эсебин алууну жакшыртуу боюнча жүргүзүлүүчү иштер боюнча маселелер талкууланды.

Ал эми банктардын өкүлдөрү менен тамчылатып сугарууну киргизүүдө жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча талкуу жүргүзүлдү.

Жолугушууда тамчылатып сугаруу технологияларын ишке киргизүү максатында Айыл чарба товар өндүрүүчүлөр, дыйкан-фермерлер менен ушундай жолугушууларды өткөрүү жагы макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий