• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жыл башынан бери Мамкурулуш ДСДга 1064 экспертиза жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Мамкурулуштун мамлекеттик экспертиза департаментине 2021-жылдын башынан бери долбоорлоо-нарктоо иш кагаздарынын 1 447 даанасы түштү. Анын ичинен долборлоо-нарктоо иш кагаздарынын 1 064 даанасына техникалык-долбоорлоо экспертизасы жүргүзүлүп, 123 документ каралууда. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал эми 260 долборлоо-нарктоо иш кагаздары кайра толуктап иштеш үчүн кайтарылып берилген.

Белгилей кетсек, баардык курулуш имараттар жана курулуш объектилери бекемдүүлүккө, көтөрүмдүү жөндөмдүүлүгүнө, туруктуулугуна, жер титирөөдө чыдамдуулугуна, узакка пайдаланууга, селге жана көчкү коопсуздугунан сактануу боюнча жана ошондой эле техникалык эсептөө негизин камсыздоодо интенсивдүүлүгү 8, 9 жана андан көп баллга таасир берүүдө басым кылуу күчүнүн өзгөчө айкалышын камсыздоо боюнча экспертиза жургүзүүгө туш болушат.

Ошондой эле майыптардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо чөйрөсүнүн талаптары (пандустар жана чакыруу кнопкалары), ар дайым долбоорлоо учурунда ченем нормаларын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий