• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда телефон аркылуу алдамчылык менен алектенгендер көбөйүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Телефон аркылуу алдамчылык менен алектенгендер көбөйүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, акыркы убактарда Улуттук банкка шылуундардан жабыркаган жарандардан билдирүүлөр келип түшүүдө. Мындан улам белгисиз адамдарга байланышка чыкса, жеке маалыматтарын айтуудан алыс болуусу керек.

"Мындай учурларда алдамчылыктын көп түрлөрү болушу мүмкүн. Жарандарды алдап акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алууну көздөгөндөр өздөрүн Улуттук банктын, коммерциялык банктардын же укук коргоо органдарынын кызматкерлеримин деп тааныштыруусу ыктымал. Ошондуктан жарандарды сак болууга чакырабыз. Сүйлөшүү учурунда жашыруун маалыматыңызды мисалы, ПИН коддорду бербеңиз, өзүңүз жөнүндө эч кандай маалыматты ырастабаңыз. Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай, банктар жана Улуттук банк эч качан онлайн кредиттерди уруксатсыз тариздөөгө байланыштуу эч качан жарандарга чалбай тургандыгын жана мессенджерлер аркылуу кызматкерлердин күбөлүгүн же дагы башка документин жөнөтпөй тургандыгын айтым кетем”, - деди ал.

Ошондой эле Аида Карабаева жыл башынан тарта керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү алдын алуу максатында жарандарга маалымат берилип, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев коммерциялык банктар эч качан кардарларынын өздүк маалыматтарды телефон аркылуу сурабай тургандыгын айтат.

“Эгер мындай көрүнүштөргө кабылганда банктык картаны же эсепти бөгөттөп коюу үчүн дароо банкка кайрылуу керек. Алдамчылыкка барып, жарандардын акчаларын уурдагандар болсо, аныкталып мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек”, - дейт Абдраев.

Телефон шылуундары көбүнесе пенсионерлердин ишеничине киргендиктен, кары-картаңдар алардын тузагына илинип жатат. Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын IT технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарды ачуу бөлүмүнүн башчысы Руслан Шаршембиев телефон шылуундарынын бир катар өзгөчөлүктөрүн айтып өттү.

“Телефон аркылуу алдамчылык кылгандардын көпчүлүгү чет элдик номерлерди колдонушат. Анан алар көп учурда расмий тилде баарлашышат. WhatsApp, Telegram менен белгисиз адамдар видеобайланышка чыгышса, сүйлөшүүдөн алыс болуңуз. Анткени алар ошол убакта сиздин телефонуңуздагы маалыматтарды алып, карталарыңыздагы акчаларыңызды которуп алышы мүмкүн же дагы башка мыйзамсыз финансылык иштерге сизди кириптер кылышы ыктымал”, - деп белгиледи Руслан Шаршембиев.

Буга улай эле ал Instagram, Facebook социалдык баракчаларында белгилүү адамдардын видео жана сүрөттөрүн колдонуп, кандайдыр бир долбоорлорго катышууга чакырган жалган маалыматтар чыгып жатканына токтолду.

Пикир

Оставить комментарий