• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда телефон шылуундары жарандарга дээрлик 49 млн сомдук зыян келтирген

Коом 0

Бишкек, 18.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстанда телефон шылуундары жарандарга дээрлик 49 млн сомдук материалдык зыян келтирген. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын маалыматтык-техникалык камсыздоо жана IT технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Акрам Кадыржанов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, телефон шылуундары жарандардын ишеничине кирип, акча каражаттарын алышкандыгы аныкталган.

“Январь айында “жакыныңыз аварияга кабылды, тез арада да акча каражаты керек” дегендер байланышка чыкты деп 1427 жаран бизге кайрылды. Анын ичинен 349у жапа чеккен. Жалпы жонунан 48 млн 803 миң сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул сумманын 20 млн 658 миң сому жабыркагандарга кайтарып берилди”, - деди ал.

Ошондой эле Акрам Кадыржанов өлкөдө жыл башынан бери “банк кызматкеримин” деген телефон шылуундарынын тузагына кабылган 60 адамдан кайрылуу келип түшкөнүн белгиледи. "Алдамчыларды арыз негизинде аныктоо иштери уланууда. Айрымдары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Ошондуктан жарандар 100, 500, 1000 сом болобу электрондук капчыгынан акчасы жоголсо же алдатып жиберсе, арыз менен укук коргоо органдарына кайрылышы керек. Ошондо гана биз мындай кылмыштарды азайта алабыз. Ал эми көпчүлүк адам жүз же беш жүз сом үчүн арыз жазамбы деп маани беришпейт. А бирок келтирилген зыяндар миллиондоп кетип жатат", - деп кошумчалады Кадыржанов.

Пикир

Оставить комментарий