Кыргызстанда тогуз коргоол түрүндө шоколад пайда болду

Коом 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Атамекендик өндүрүүчүлөр улуттук оюн тогуз коргоол түрүндө шоколад ойлоп табышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине атамекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы азык Кыргызстандын базарларында жакында эле сатыкка чыккан, өндүрүүчү “ШоколадКа” ААКсы. Алардын башкы максаты – салттын сакталышы.

“Таштар таза шоколаддан жасалып, ичи талкан, апельсин, карамель жана жаңгак менен толтурулган. Жасоо оюндун тартибине ылайык дыкат иштелип чыккан жана кагазы да абдан жагымдуу. Бир кутунун салмагы 485 граммды түзөт”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий