• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык мааракеси белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.10.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Салтанаттуу иш-чара бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат.

Иш-чаранын алкагында министрликтин басып өткөн жолу, ишмердүүлүгү жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу тасма тартууланды.

Быйыл 80 жыл толуп отурган Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 1944-жылы түзүлүп, алгачкы министр Казы Дыйканбаев болгон. Учурда Кыргызстандын чет өлкөлөрдө 100гө жакын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий