• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда унаа тетиги катары ташылып келген унаалар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. "Жалал-Абад" бажысы колдонулган унаа тетиктери катары ташылып келген унааларды аныктады.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, "Жалал-Абад" бажысынын кызматкерлери 2007-жылы чыгарылган Lexus RX 400H, 2006-жылы чыгарылган Lexus RX 400H, 2008-жылы чыгарылган Lexus RX 400H, 2005-жылы чыгарылган Lexus RX 400H, 2008-жылы чыгарылган Lexus RX 400H жана 2008-жылы чыгарылган Toyota Camry үлгүсүндөгү унааларга текшерүү жүргүзгөн.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнөн алынган маалыматына ылайык, транспорт каражаттары Беларустан келгендигине байланыштуу Кыргызстандын мамлекеттик реестринде катталган.

Бирок Мамлекеттик бажы кызматынын бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасында жогоруда аталган унааларга карата бажылык тариздөө авто тетиктер катары жүргүзүлгөн.

Унаалар Литвадан келген жана колдонулган унаа тетиктер катары бажылык таризделген, андан кийин Кыргызстандын аймагында чогултулуп, бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө Беларустун жасалма техникалык паспортунун негизинде катталган.

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 8 449 428 сомду түзгөн. Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Жалал-Абад облустук прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий