• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Элмирбек Сыдыманов эки айга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Блогер Элмирбек Сыдыманов Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Октябрь райондук ИИБсинен кабарлашты. Мындай чечимди Октябрь райондук соту кабыл алган.

Маалымакта ылайык, Сыдыманов тергөө изоляторуна эки айга камакка алынды.

Эске сала кетсек, Бишкектин Октябрь райондук ИИБси Жазык кодексинин 313-беренеси боюнча («Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») сотко чейинки өндүрүш ишин баштап, шектүү катары 1997-жылы туулган С.Э., кармалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү иштери уланууда.

Маалым болгондой, Сыдыман деген ат менен белгилүү болгон жигит өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу Кыргызстандын айрым облустарынын жашоочуларына карата терс ой-пикирин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий