• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Төрт күндө 258 мас айдоочу кармалды. Кыргызстанда "Бахус" рейди өтүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында өтүп жаткан “Бахус” рейдинин алкагында төрт күндө 258 мас айдоочу аныкталган. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20нан 24-декабрга чейин инспекторлор тарабынан 258 мас айдоочу аныкталып, аларга тиешелүү чаралар көрүлгөн. Мындай рейддик иш-чаралар 8-январга чейин уланат.

ЖКККББ мас абалында унаа башкарган, автоээнбаштык жасаган жана жол эрежесин одоно бузган айдоочуларга карата текшерүү көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар күчөтүлөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий