• 87
  • 89.68
  • 0.84

Кыргызстанда жүргүнчү жана жүк ташыган унааларга карата текшерүү уланууда

Коом 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, текшерүү Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан жүргүзүлүүдө.

Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарын так сактоо менен коопсуздукту камсыздап, жаңы салынган жолдордун талкаланышын алдын алуу болуп саналарын белгилеп, айдоочуларды тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.

Белгиленгендей, текшерүү иштери менен катар айдоочуларга кышка даярдык жана жанына керектүү шаймандарды (күрөк, чынжырча) алып жүрүү боюнча маалымдоо, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий