• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда жаңы эреже киргенден кийин мас айдоочулардын саны үч эсеге азайды

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы эреже киргенден кийин мас айдоочулардын саны үч эсеге азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-марттан тарта айдоочуларга карата жаңы эрежелер кирген. Статистикалык маалыматтарга ылайык, мас абалында унаа башкаруу учурлары майрам күндөрү көбүрөөк катталат.

Бишкек шаарында 8-мартта алкоголь ичип унаа башкарган 7 жаран кармалса, 2022-жылы ушул эле күнү 20 учур, 2021-жылы 18 учур катталган.

Белгилей кетсек, жаңы эрежелерге ылайык алкоголдук ичимдик ичип унаа башкарып кармалгандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат

Пикир

Оставить комментарий