• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда англис тили мугалимдери үчүн сынак жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда англис тили мугалимдери үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка университеттердин жана колледждердин англис тили мугалимдери катыша алат.

Сынакка катышуу үчүн жеке мугалимдик тажрыйбага негизделген оригиналдуу илимий макала жазуу керек.

Макаланы тариздөөгө талаптар:

1. Макала басып чыгарылып, Word файлы катары linguaprograms@gmail.com дарегине жөнөтүлүшү керек.

Каттын темасына “Сиздин толук аты-жөнүңүз макалалар конкурсу” деп жазыңыз (Мисалы, Мунар Ибраимов макалалар конкурсу).

2. Шрифт - Times New Roman 14, интервал – 1,5.

Документ төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

  • автордун атын,
  • аталышы / автордун иштеген жери,
  • электрондук почтасынын дареги,
  • Мобилдик телефон номери.

Пикир

Оставить комментарий