Кыргызстанда жарым жылда микрокредиттик уюмдар тарабынан 17,4 млрд сом өлчөмүндө насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. 2022-жылдын жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 17,4 млрд сом суммасында кредиттер берилди.

Улуттук статистика комитет кабарлагандай, муну менен бирге алуучулардын саны 298 миңге жакын адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 9,5%, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 1,7% азайды.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек шаарында (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 18,5%), Ош (18%), Чүй (16%) жана Жалал-Абад (14%дан ашык) облустарынын алуучуларына берилди.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 42% керектөөчүлүк муктаждыктарга берилди, 28% - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды, 12% - соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө, 6%дан ашыгы - курулушка берилди. Муну менен бирге өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда керектөөчүлүк муктаждыктарга берилген микрокредиттердин үлүшүнун олуттуу көбөйүшү - 9,8 пайыздык пунктка байкалды, ал эми айыл чарбасына берилген микрокредиттердин үлүшү, тескерисинче, 4,9 пайыздык пунктка кыскарды.

Пикир

Оставить комментарий