• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстанда жасалма интелект боюнча Түрк мамлекеттеринин саммити өтөт

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 9-10-октябрында жасалма интеллект боюнча Түрк мамлекеттеринин саммити өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги басма сөз кызматы билдирди.

Эки күндүк инновациялык иш-чара түрк өлкөлөрүнүн, Борбор Азиянын жана бүткүл дүйнөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн, IT жаатындагы алдыңкы эксперттерин, бизнес-коомчулугун, илимий чөйрөлөрүн бириктирет.

Саммитке Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөр: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркиянын өкүлдөрү катышат. Ал эми Түркмөнстан менен Венгрия байкоочу өлкө статусун алат.

Саммиттин негизги максаты:

  • түрк дүйнөсүндө ЖИ өнүктүрүүнүн стратегияларын иштеп чыгуу
  • ТМУ өлкөлөрүндө инновацияларды жана технологиялык прогрессти жайылтуу
  • түрк тилдерин сактоо жана өнүктүрүү үчүн жасалма интеллекти пайдалануу
  • ЖИ тармагындагы экономикалык жана илимий – техникалык кызматташтыкты чыңдоо
  • ЖИ долбоорлоруна жана стартаптарга инвестииця тартуу
  • ЖИ колдонууга байланыштуу этикалык жана укуктук маселелерди талкулоо.

Саммитке катышуу алдыңкы эксперттер менен жолугушууга, ЖИ тармагындагы акыркы тенденциялар жана инновациялар менен таанышууга жана мындан ары кызматташуу үчүн өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт.

Иш-чаранын алкагында IT тармагындагы адистер үчүн мастер-класстар жана семинарлар өткөрүлөт, алар өз квалификациясын жогорулатып, акыркы технологиялар менен тааныша алышат. Түрк мамлекеттеринин ЖИ саммити түрк өлкөлөрүндө IT технологияларын өнүктүрүүгө, кызматташтыкты бекемдөөгө жана глобалдык деңгээлде инновация үчүн узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүүгө карай маанилүү кадам.

Пикир

Оставить комментарий