• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстанда жашоо минимуму 7,9 миң сомдон ашты

Экономика 0

Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылга карата республика боюнча калктын жан башына жашоо минимумунун орточо өлчөмү 7963,72 сомду түздү.

Статистика комитетинен билдиришкендей, эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимумунун өлчөмү айына 8906,51 сомду, пенсия курагындагылар үчүн – 763,85 сомду, балдар үчүн – 6768,77 сомду түздү.

Жашоо минимумунун эң жогорку баасы Жалал-Абад облусунда – 8,2 миң сом, эң төмөнкүсү Ысык-Көл облусунда – 7,5 миң сом.

«Калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтомуна ылайык жашоо минимумунун нарктык өлчөмүн квартал сайын эсептеп чыгарат. Ал тамак-аш азыктарынын минималдуу топтомун, химиялык курамын жана энергетикалык баалуулугун, жашоо минимумун эсептөө ыкмасын камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий