• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Кыргызстанда жаштардын саны азаюуда – Парханов

Коом 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Кыргызстанда жаштардын саны азаюуда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, өлкө боюнча 2017-жылдын 1-январына карата (КР мыйзамына ылайык, 14төн 28 жашка чейинки жарандар жаштардын катарына кирет) жаштардын саны жалпы калктын санынын 29% түзгөн, учурда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ал көрсөткүч 25,7% төмөндөдү.

“Жаштардын санынын азаюусу төрөттүн төмөндөшүнөн”,-деп билдирди ал.

Парханов маалымдагандай, эл аралык изилдөө уюмдарынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жаштардын саны 2020-жылда кыйла төмөндөйт.

“Бул улуу муундагы адамдардын санынын өсүшүнө алып келет жана өлкөнүн экономикалык, саясий абалына таасирин тийгизет”,-деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий