• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда жеке жардамчы кызматын алуучулардын саны 57,8%га көбөйдү

Коом 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда жеке жардамчы кызматын алуучулардын саны 57,8%га көбөйүп, 13,1 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-июнунан тартып бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон I топтогу майыптыгы бар 18 жаштан жогору жарандарга персоналдык жардамчынын кызматына акы төлөө киргизилген. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен жеке жардамчынын кызматына акы төлөөнүн өлчөмү 4900 сомдон 6300 сомго чейин көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий