• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 4-апрелде саат 04:43тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Ат-Ойнок тоо кыркаларында жайгашкан — Кызыл-Көл айылынан түндүк-чыгышты карай 12 чакырым, Чат айылынан түндүк-чыгышты карай 14 чакырым, Көгарт, Аркыт айылдарынан түндүк-чыгышты карай 15 чакырым жана Кербен айылынан түндүк-чыгышты карай 51 чакырым алыстыкта орун алган.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөө сезилген. Алсак, Ат-Ойнок, Кызыл-Көл, Чат, Көгарт, Аркыт, Жбузүмжан айылдарында 3 баллга, Көл, Алмалуу, Кара-Жыгач, Кызыл-Туу, Чарба, Райкомол, Жаңы-Жол айылдарында дээрлик 3 баллга жакын сезилген.

Пикир

Оставить комментарий